7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бүгүн Кыргызстан улуттук курама командасы Өзбекстан менен беттешет

322

Бүгүн, 20-март күнү Кыргызстандын футбол боюнча Улуттук курама командасы 2026-жылкы Дүйнө чемпионатынын тандоо оюндарынын үчүнчү раунду алкагында конокто Өзбекстан курама командасы менен беттешет. Жолугушуу «Бунёдкор» стадионунда (Ташкент шаары) Бишкек убактысы боюнча саат 22:00дө старт алат.

Максим Лисицындын командасы үчүн бул беттеш жооптук болот, анткени командалар 2024-жылдын сентябрында бул раундда кез келген. Анда өз үйүндөгү болгон беттеште биздин курама 2:3 эсебинде жеңилүү ызаасын тарткан.

Бүгүнкү беттешке күбө болуу үчүн Ак Шумкар командасынын күйөрмандары үчүн «Шоро» компаниясынын колдоосу менен «Легенда» аттуу масштабдуу фан-зона уюштурулат. Фан-зона Т.Усубалиев атындагы аянтта (Эски аянт) саат 19:00дөн тарта өтөт. Орозо кармаган кураманын күйөрмандары үчүн «ооз ачуу» уюштурулат.

Беттешти түз алып берүүсү УТРК Спорт каналында, ошондой эле КСТВ каналынын кабелдик тармактарында (Мегалайн, Неотелеком, Акнет) көрсөтүлөт.

 

323