Бүгүн, 6-ноябрда Кыргызстандын аймагында жаан-чачын дээрлик болбойт. Бул тууралуу Кыргызгидромет агенттиги билдирет.
Маалыматка ылайык, батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…-5, күндүз 9…14,
Талас жергесинде түнкүсүн -1…-6, күндүз 7…12,
Баткен облусунда 0…5, түнкүсүн 9…14,
Ош жана Жалал-Абадда түнкүсүн 0…5, күндүз 10…15,
Ысык-Көлдө түнкүсүн -3…+2, күндүз 6…11,
Нарын облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз 5…10,
Тоолордо түнкүсүн -17…-22, күндүз -2…-7 градус болот.
Ал эми Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 0…-2, күндүз 10…12 градус болот.