7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Төө-Ашуудагы тобокел». Ашуу ашкан унаалардын 80%ы жайкы дөңгөлөк менен жүрөт

1049

Ашуулар аркылуу түштүктү көздөй бара жаткан жеңил унаалардын дээрлик 80 пайызы жайкы дөңгөлөктөр менен жүргөндүгү аныкталды. Бул тууралуу Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Кечээ, 5-ноябрда Төө-Ашуу, Ала-Бел, Көк-Бел, Өтмөк ашууларындагы жол кырсыктарын жана тыгындарды алдын алуу үчүн жайкы дөңгөлөктөрдү кышкы дөңгөлөккө алмаштыруу боюнча айдоочулар арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

Маалым болгондой, саат 8.30дан 16.30га чейин Бишкек-Ош унаа жолунун Сосновкадагы постто унааларга мониторинг жүргүзүлгөн.

“Түндүк-түштүк багытында жалпысынан 321 унаа өткөнү белгилүү болду. Анын 59у жүк ташуучу унаа, 28и жайкы, 31и кышкы дөңгөлөктүү. 262 жеңил унаанын 207си жайкы, 55и кышкы дөңгөлөктүү”, — деп берилет маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1050