7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бүгүн Улуттук адабият күнү

8

Бүгүн Кыргызстанда Улуттук адабият күнү белгиленет. Бул күн кыргыздын эки залкары — улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү жана улуу акын Алыкул Осмоновдун көзү өткөн күнү менен байланышкан.

Кыргыз өкмөтүнүн чечими менен 2011-жылдан бери 12-декабрь — Улуттук адабият күнү катары белгиленип келе жатат. Бул күндү майрам катары белгилөө 1928-жылы 12-декабрда кыргыз адабиятынын белгилүү классиги Чынгыз Айтматовдун төрөлгөн жана 1950-жылдын 12-декабрында акын, котормочу Алыкул Осмоновдун дүйнөдөн өткөн күнүнө карата улуттук маданияттын кайра жаралуусундагы маанилүү орунду ээлеген кыргыз адабиятын сактоо, өнүктүрүү жана жайылтуу максатында демилгеленген.

Чыңгыз Айтматовдун учкул сөздөрү:

Адамдын башкаларга кылар эң чоң жакшылыгы — үйүнөн адам болор балдарды тарбиялап өстүрүү.

  • Эгер Ата-Журт деген баштыктай сүйрөп, өзүң менен алып жүрөр нерсе болсо, анын баасы сокур тыйынга татыбас эле.
  • «Дос кыйынчылыкта билинет» дешет. Менимче, бактылуу кезиңде да билинет.
  • Сени тааныгандар жашап жатканда сен тирүүсүң.
  • Өмүрдүн чыныгы баркы ишенимде, бактысы да ишенимде.
  • Сүйүүдөн аалам жаралган, сүйүүнүн өзү түбөлүк.
  • Миңдеген адамдын арасында сен жалгызсың, жалгыз өзүң калганда да жалгызсың…
  • Тил — улуттун кубанса кубанычы, кайгырса кайгысы жана акыл-эси. Тилсиз улут болбойт.
  • Өткөндү эстеп, келечекти күтө билгендигибиз үчүн биз барбыз.
  • Биз дүйнөнү өзгөрттүк, дүйнө бизди өзгөрттү.
  • Эң ириде өзүңдүн киндик кан тамган жериң тууралуу ойлонгондо, жалпы дүйнө тууралуу акыл калчайсың.
  • Адамга эң кыйыны — күн сайын адам болуу.

 

 

9