Ушул жылдагы ажылык сапарына мурда ажылыктын базасына катталбаган 65 жаштан төмөнкү жарандарды каттоого алуу 6-майдан 11-май (11-майды кошо эсептегенде) РСК Банктын иш убактысы бүткөнгө чейин жүргүзүлөт. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, талапкерлер Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын түзүмүндөгү облустук, шаардык казыяттарда жана райондук хатибияттарда, РСК банкына төлөнгөн 4500 АКШ доллары жана кайтарымсыз 700 сомдун төлөнгөн квитанциясынын негизинде каттоого алынмакчы.
Ошондой эле 2019-2020-жылдары ажылыктын электрондук базасына, аймактарда катталып, кезек күтүп турган 65 жаштан төмөн, ар бир талапкерлер ажылык сапарына болгон төлөмдөрүн 2022-жылдын 25-апрелден 30-апрелине чейин ар кандай себептер менен төлөп жетише албай калган талапкерлерге 6-майдан 11-май (11-майды кошо эсептегенде) РСК Банктын иш убактысы бүткөнгө чейин төлөө мөөнөтү узартылат.
Эскертүү:
1. Төлөгөндөрдүн саны ажыларга берилген квотадан ашып кеткен учурда кезекке калтырылат.
2. РСК Банкына ажылыктын төлөмүн төлөгөн талапкерлер 1 күндүн ичинде документтерин облустук, шаардык казыяттарда жана райондук хатибияттардагы операторлорго тапшыруусу милдеттүү.
3. Ажыга баруучунун жашы 65 жашка чейин болуусу;
4. Коронавируска каршы эмделген болуусу;
5. САПтын аймагына киргенге чейинки 72 сааттын аралыгында COVID-19га каршы тапшырылган тесттин терс жыйынтыгын тастыктаган күбөлүктүн бар болуусу.