Ошто аял ок атуучу куралды 90 миңге баалап сатып жаткан учурда кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 5-май күнү Ош шаарынын аймагында «Н» аттуу атуул белгисиз үлгүдөгү ок атуучу куралды сатуу максатында мыйзамсыз сактап жүргөндүгү белгилүү болгон.
Натыйжада ал адамдын өздүгү аныкталып, Ош шаарынын 1963 –жылы туулган тургуну С.Н., экендиги жана белгисиз үлгүдөгү ок атуучу куралды сатуу максатында кардар издеп жүргөндүгү белгилүү болгон.
Аталган белгисиз үлгүдөгү ок атуучу куралды Ош шаарынын аймагында, өзү соода жасаган дүкөндө бекитип жүргөндүгү такталган.
Жогорудагы факты кылмыш кодексинин 267-беренесинин 1-бөлүгүнүн белгилери менен Ош ШИИБине катталып, кылмыш иши козголгон.
Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында, Ош шаарынын тургуну С.Н., ок атуучу 5.6 мм калибрдеги “ТОЗ-16” үлгүсүндөгү мылтыкты 90 миӊге баалап, сатып өткөрүп жаткан учурда кармалды.
Кармалган аял ок атуучу курал маркум атасынан калгандыгын жана акча зарыл болгондуктан сатуу керектигин билдирген.
Алынган ок атуучу куралга соттук-баллистикалык экспертизалар дайындалып, тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.