Бүгүнкү шамалдан улам Баткен районунун алты айылында чоң кыйроолор катталды. Бул тууралуу аймактык кабарчы кабарлады.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 22-январь таңкы саат 5-6лар чамасында болгон катуу шамалдын кесепетинен Ак-Сай айыл аймагына караштуу Көк-Таш айылынындагы борбордук көчөнүн кесилишиндеги светофор сынган.
«Ак-Татыр айыл аймагына караштуу Ак-Татыр айылында “Т.Садыков” орто мектебинин чатырын шамал учурган. Кара-Бак айыл аймагынын Кара-Бак айылындагы “Б. Нарматов” орто мектебинин 270 чарчы метирлик чатырын жана “Б. Назаров” мектебинин кароол каанасынын чатырын, Төрт-Гүл айыл аймагынын Ак-Турпак айылынын “Б. Нуралиев” башталгыч мектебинин кире беришиндеги 6 чарчы метирлик чатырын шамал учурган. Учурда райондук комиссия түзүлүп, жеринде тактоо иштери жүргүзүлүүдө», — деп берилет маалыматта.