24-март бүткүл дүйнөлүк кургак учук дартына каршы күрөшүү күнү. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына таяна турган болсок, Кыргызстанда 2021-жылда 3877 жаңы башталган учуру катталган. Кургак учук менен ооругандардын көпчүлүк бөлүгү Чүйдө болсо, эң аз бөлүгү Ысык-Көл облусунда экени айтылат.
Өлкөнүн мыйзамына ылайык, кургак учук менен ооруган оорулуу бекер дарыланууга укуктуу. Республика боюнча кургак учук менен катталган 3 миң 825 бейтаптын ичинен 689у амбулатордук негизде толук дарылоо курсунан өткөн.
Ошондой эле өлкөдө 2021-жылдын 12 айында өлүмдүн көрсөткүчү төмөндөп, 100 миң адамга 226 учур туура келген. Ал эми былтыр 2020-жылы 100 миң бейтапка 259 өлүм көрсөткүчү түзгөн.