7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баңгизат менен жалган жалаа жаап жүргөн тергөөчүлөр кармалды

340
Жалал-Абад облусунда баңгизат боюнча жалаа жапкан тергөөчүлөр жана аларга жардам бергендер кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Алар баңгизаттар менен күрөшүү статистикасын ушундай жол менен жакшыртмакчы болушкан.
«Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү башкармалыгынын Б.У.А., Ю.К.М. аттуу кызматкерлери жана Базар-Коргон РИИБинин тергөөчүсү А.А.А. Жалал-Абад облусунун тургундары Т.у.Т., П.Н.Х. жана түрмөдөгү А.А.А. аттуу жарандардын жардамы менен И.Н.С. аттуу тургунга жалаа жабышкан. Тагыраагы, Т.у.Т милициянын көрсөтмөсү менен Базар-Коргондогу кароосуз калган үйгө «марихуана» жашырган. Бул тымызын ишти билбеген И.Н.С. желим баштыкты таап, милиция кызматкерине берген. Алар муну «уюштурулган сатып алуу» катары сыпатташып, жабырлануучу үч айдан ашык тергөө абагында мыйзамсыз кармалган», — деп айтылат билдирүүдө.
Тергөөнүн жүрүшүндө жабырлануучунун көрсөтмөсү эске алынбай, ага кысым көрсөтүлүп, моюнга алдыртышкан. Бирок ал сот тарабынан акталган.
ИИМдин кызматкерлери жана алардын шериктери кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө иштери жүрүп жатат.
341