7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баңгизаттарды унаа менен ташып бара жаткан жарандар кармалды

148

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Чүй облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери ыкчам тергөө иш-чараларынын негизинде баңгизаттарды мыйзамсыз ташуу менен алектенген факт аныкташып, шектүүлөрдү кармашты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы маалымдады.


Маалыматка ылайык, Жазык Кодексинин 267-беренеси менен каралган кылмыштын белгилери боюнча жүргүзүлүп жаткан сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында Петровка айылынан 1998-жылы туулган Э.Б. аттуу айдоочунун башкаруусунда «Хонда-Фит» үлгүсүндөгү автоунаа 1995-жылы туулган Т.Т. аттуу жүргүнчүсү менен токтотулган.


«Автоунааны кароо жүргүзгөн учурда жүргүнчүгө таандык болгон кол сумкадан 21,58 граммды түзгөн өзгөчө кендир жыты бар каражат табылып алынган. Ал эми автоунаага кароо жүргүзүүдө айдоочуга таандык болгон азык-түлүк салынган каптын ичинен өзгөчө кендир жыты бар 9 даана таңгакталган каражат табылып алынган. Соттук-химиялык изилдөөнүн негизинде табылып алынган каражаттар жалпы салмагы 4 килограмм 236 граммды түзгөн «гашиш» баңгизаты деп аныкталган. Жогоруда көрсөтүлгөн жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда сотко чейинки өндүрүш иши уланууда», — деп берилет маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

149