7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

БА өлкөлөрүнүн башчылары Садыр Жапаровду Курман айт майрамы менен куттуктады

432

Борбор Азия өлкөлөрүнүн башчылары Садыр Жапаровду жана кыргыз элин Курман айт майрамы менен куттуктады.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин куттуктоосунда мындай деп айтылат:

«Дүйнө жүзүндөгү мусулмандар үчүн достуктун, сабырдуулуктун, боорукердиктин жана кайрымдуулуктун символу болгон ыйык Курман айт майрамы менен Сизди жана боордош кыргыз элин чын жүрөктөн куттуктап жатканыма чексиз кубанычтамын.

Бул ыйык күн баарыбызды тарыхы, тили, дини жана маданияты жалпы бир тууган элдерибиздин ортосундагы боордоштуктун жана тилектештиктин духун мындан ары да чыңдоого чакырат.

Биздин бекем саясий эркибиздин жана сиздер менен биргелешкен күч-аракетибиздин натыйжасында акыркы жылдары мамлекеттерибиздин ортосундагы достук жана ынак коңшулук мамилелер сапаты жана мазмуну боюнча таптакыр жаңы деңгээлге көтөрүлдү», — деп айтылат куттуктоодо.

Шавкат Мирзиёев Садыр Жапаровго чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт жана жооптуу мамлекеттик ишмердигинде албан ийгиликтерди, ал эми боордош Кыргызстан элине тынчтык, туруктуу прогресс жана гүлдөп-өнүгүү каалады.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин куттуктоосунда мындай деп айтылат:

 

«Чын жүрөктөн Сизди жана Кыргызстандын элин ислам үммөтүнүн улуу майрамы — ыйык Курман Айт майрамы менен куттуктаймын.

Бул ыйык майрам кайрымдуулук, адеп-ахлактык жана боорукердик баалуулуктарынын болуп көрбөгөндөй чагылдырылышы катары мусулмандардын жүрөгүндө өзгөчө орунду ээлейт.

Ошол эле учурда бүткүл мусулман дүйнөсү үчүн кубанычтуу күндө биздин бүтүндүгүбүз, биримдигибиз бекемделе берсин.

Учурдан пайдаланып, урматтуу Садыр Нургожоевич, Сизге бакыт-таалай, жооптуу ишиңизге ийгиликтерди, ал эми боордош Кыргызстан элине бакубатчылык жана гүлдөп өнүгүү каалайм.

Курман айт кут болсун», — деп айтылат куттуктоодо.

Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедовдун куттуктоосунда мындй деп айтылат:

«Миңдеген жылдар мурда пайда болгон жана адамзаттын бийик руханий жана адеп-ахлактык баалуулуктарын камтыган бул ыйык майрам бүткүл мусулман үммөтүнүн ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү жана ишенимди бекемдейт деп терең ишенем.

Сизге ден соолук жана бакыт, ал эми боордош Кыргызстан элине мындан аркы өнүгүү жана гүлдөп-өсүүнү Жараткан Алладан тилейм», — деп айтылат куттуктоодо.

Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Курман айт майрамы менен куттуктады. 

«Сизди жана кыргыз элин ыйык Курман айт майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Биздин элдерди көп сандаган салттар жана жалпы маданий-руханий баалуулуктар, анын ичинде бул бүткүл мусулман уммасы үчүн ыйык майрам бириктирип турат.

Анын бекем руханий башталыштары мындан ары да ынак коңшулук, өз ара түшүнүшүү, ишеним жана урматтоо принциптеринин негизинде өлкөлөрүбүздүн ортосундагы достук байланыштарды жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты чыңдоого жана кеңейтүүгө көмөктөшөрүнө ишенем.

Ушул ыйык күндөрү Сизге, урматтуу Садыр Нургожоевич, ден соолук, бакыт жана ишиңизде ийгиликтерди, ал эми Кыргызстан элине — тынчтык жана туруктуулук, гүлдөп-өнүгүү жана прогресс каалайм», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

 

 

433