7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

БАЭдеги кыргызстандыктар айдоочулук күбөлүгүн экзаменсиз алмаштыра алат

331

Эми БАЭде мыйзамдуу жашаган Кыргызстандын жарандары кошумча окуудан жана сынактан өтпөстөн, улуттук айдоочулук күбөлүктөрүн БАЭ лицензияларына алмаштыра алышат. Ушундай эле мүмкүнчүлүк Кыргызстанда жашаган БАЭ жарандарына да берилет.

Бул макулдашуунун максаты жарандардын жүрүүсүн жөнөкөйлөтүү, эки өлкөнүн мамлекеттик органдарынын ортосундагы ишенимди бекемдөө, транспорт жана жол коопсуздугу жаатында кызматташууну өнүктүрүү болуп саналат.

Алмашуу үчүн зарыл болгон документтер:

Кыргызстандын БАЭдеги жарандары үчүн:

-Кыргызстандын жаранынын паспорту;

-БАЭде жашоого уруксаттын жарактуулугу;

-Улуттук айдоочулук күбөлүк;

-медициналык маалымкат.

БАЭнин Кыргызстандагы жарандары үчүн:

-БАЭ жаранынын паспорту;

-Кыргызстанда жашоого уруксат;

-Улуттук айдоочулук күбөлүк;

-У-83 формасындагы медициналык маалымкат.

332