7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Байге фонду 600 миң сом. Ошто майрамга утурлай ат оюндары өттү

673

Бүгүн, Нооруз майрамынын алкагында Төлөйкөн ипподромунда ат оюндары болуп өттү. Мелдешке Ош облусунун бардык райондорунан жана Ош шаарынан командалар катышты.

Мелдештин жыйынтыгында көк бөрү боюнча 1-орунду Кара-Кулжа районунун командасы, 2-орунду Кара-Суу районунун командасы жана 3-орунду Өзгөн районунун командасы ээледи.

Сыйлык тапшыруу аземине президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, Ош облусунун Ат оюндары федерациясынын жетекчилиги, спортчулар жана күйөрмандар катышты.

Белгилей кетсек, мелдештердин байге фонду болжол менен 600 миң сомду түзүп, анын ичинен 150 миң сом көк бөрү боюнча 1-орунга ээ болгон командага ыйгарылды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

674