Аламүдүн районунун Байтик айыл өкмөтүнүн имаратынын 38 млн. 249 миң сомдук бөлүгү мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу УКМК билдирет.
2009-жылы Аламүдүн мамкаттоонун кызматкерлери мыйзамдарын бузуу менен Байтик айыл өкмөтүнүн административдик имаратынын 2-кабатына жеке менчик укугу мыйзамсыз ажыратылып, укук белгилөөчү документтерди берүү менен «Эн Эр Групп Дженерал Трейдинг Ко» ЖЧКсына катталган.
УКМК мыйзамсыз менчиктештирилген объекттерди аныктоо жана мамлекетке кайтаруу боюнча иштерди улантууда.