Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан мото транспорт каражаттарынын айдоочуларынын катышуусунда жол кырсыктарынын алдын алуу, алардын жоопкерчилигин жогорулатуу максатында өлкө аймагында 11-22-сентябрга чейинки аралыкта рейддик иш-чара өткөрүлдү. Анда жол эрежесин бузган жалпы 2690 мопед жана мотоцикл аныкталган.
Алардын ичинен:
-243 мото айдоочу тийиштүү докумменттери жок болгон;
-521 мото айдоочу мотошлемдерди пайдалануу эрежелерин бузушкан;
-2 мото айдоочу мас абалында айдап жүргөндүгү аныкталган.
-985 мото айдоочу жолдун туура эмес жерлеринен айдашкан.
-166 мото айдоочу жана башка жол эрежелерин бузушкан.
Ошондой эле тийиштүү докумменттери жок 272 мототранспорт каражаты убактылуу токтоуучу айып короо жайына токтотулган.