Бүгүн, «Asman Airlines» мамлекеттик авиакомпаниясынын учагы Бишкек-Талас багыты боюнча биринчи техникалык каттамын ийгиликтүү аткарды.
«Bombardier Dash 8 Q400 учагынын персоналы жана экипажы учуунун бардык этаптарын аткарып, коопсуздуктун жогорку деңгээлин жана коммерциялык эксплуатацияга даярдыгын тастыкташты.
Жакынкы арада компания өлкө аймактарына эле эмес, коңшу өлкөлөргө да каттоону пландап жатканы кошумчаланды.