7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бакиевдин үйүнүн ордуна салынган реабилитациялоо борборунун курулушу аяктаганы калды (ФОТО)

724

Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин үйүнүн ордуна салынган реабилитациялоо борборунун курулушу аяктаганы калды. Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев социалдык тармактагы баракчасы аркылуу бузулган имараттын ордуна салынган реабилитациялык борбордун сүрөтүн бөлүштү.

«Эсиңерде болсо Жибек Жолунда жайгашкан мурдагы президент Курманбек Бакиевге таандык имаратты жай айында бузуп, ордуна ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн реабилитациялык борбор курууну баштаганбыз. Ошондо “булар басып алды, ээлеп алды, эми өзүнө үй салат экен” деген ушактарды таратышты эле. Биз натыйжаны иш жүзүндө көрсөтөбүз, мына буюрса имарат бүтүп калды, жакында ачылышы болот. Жүз орундуу, заман талабына ылайык шарттары менен колдонууга берилет. Президентибиз Садыр Жапаров жыл аягына чейин бүтүрүү тапшырмасын койгон, өз убагында аткардык»,-деп жазды ал.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

725