Социалдык тармактарда «Бактыбек Аманбаев Кыргыз Республикасынын АКШдагы элчиси болуп дайындалат», — деген маалыматтар тароодо .
Эске салсак, ал 2020-жылы октябрдагы элдик толкундоолордон кийин өкмөт аппаратынын жетекчилигине келген.
Бактыбек Абдилашимович Ош областынын Кара-Кулжа районунун Кондук айылында 1969-жылы 11-майда төрөлгөн.
Билими:
1996-жылы — Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин аяктаган;
2000-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин саясат таануу адистиги боюнча аспирантураны аяктаган;
1998-жылы — Президентке караштуу Бишкек Эл аралык бизнес жана менеджмент мектебинин Административдик иштер боюнча магистрын бүтүргөн;
2010-жылы — Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясын аяктаган;
2012- жылы — Кеннеси университетинде (АКШ) окуган.
Эмгек ишмердүүлүгү:
1999-жылы — англис тилинен орус тилине котормочу;
2000-2004-жылдары — Прагадагы «Азаттык» радиосунун штабында кабарчы;
2005-2007-жылы — Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиокомпаниясынын (КТРК) Жарнама жана соода агенттигинин директору;
2008-2010-жылы — КМУУнун саясий илимдер боюнча ага окутуучусу;
2010-2010-жылы — Ош шаарынын вице-мэри;
2010-2011-жылы — «Саясат Пресс» гезитинин башкы редактору;
2013-жылы — «Айыл Деми» гезитинин башкы редактору;
2000-2004-жылы — Жогорку Кеңештин депутаттарынын биринин Мыйзам чыгаруу жыйынынын улук консультанты;
2011-2012-жылы — Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматынын жетекчиси;
2013-2015-жылы — Кыргызстандын Акыйкатчысы;
2020-жылы — «Мекенчил» партиясынан депутаттыкка талапкер.