Кыргыз Республикасынын эл артисти Бактыбек Мамытов 1950-жылы 3-мартта Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Алмалуу айылында туулган. Улуттук университеттин филология факультетин аяктаган. 1975-жылдан тартып өмүрүнүн акырына чейин дикторлук кесипти аркалады. Үстүбүздөгү жылдын 20-майында узакка созулган оорусунан улам 72 жаш курагында дүйнө салды.Төмөндө Бактыбек Мамытовдун калемине таандык ырларды сунуштайбыз
СЕНИН КӨЗҮҢ
Бир көрүп оттой күйүп жанган элем,
Сен анда кол жетпеген арман элең.
Көп жылы көңүлүңдү алып жүрүп,
Көздү жумуп сага үйлөнүп алган элем.
Мен эңсеп өмүр бою күтүнгөнүм,
Ошондо эле сен экениң түшүнгөмүн.
Төбөмө төрт көтөрүп жүрбөсөм да,
Төрүнөн жүрөгүмдүн түшүрбөдүм.
Сеникиндей көздү башка көргөн жокмун,
Балким көптүр, ага көңүл бөлгөн жокмун.
Канча ирээт кырсык чалып, ажал келди,
Сени кыйып кеталбай, өлгөн жокмун.
ЖАМИЙЛАГА
Кыдыракей кырларды ашып келатабыз,
Кыйындык, жакшылыкта тең атабыз.
Кыз-жигит курагыбыз алыс калып,
Кыз-уулга кымбат, сүйкүм эне-атабыз.
Өйдө-ылдый боло калса өбөктөшүп,
Бирибиз-бирибизге көмөктөшүп.
Жанашып бирге жашап, дүйнөбүз бир,
Көрбөдүк көңүл калып бөлөктөшүп.
Ортодо балдарыбыз- бактыбыз бар,
Ордолуу орун, очок-тактыбыз бар.
Баары тең укмуш сонун дебейинчи,
Пендебиз да; жаманыбыз, жакшыбыз бар.
Жакшылык, кубанычтар берилесин,
Ырыс-кут үйүбүздү жерибесин.
Кулачыбыз узарып, көбөйөлү,
Бар бактыбыз эч убакта кемибесин!
***
ОЧОКТОГУ ОТ
Ата, апа!
Силер мени кечиргиле, кечиргиле,
Үйдүн кутун, берекесин кетирдим ээ!
Миң алакет азапка түшүп келем,
Кара кулпу илбеш үчүн эшигиңе.
Кайрылып кайра үйүмө бара албадым,
Барсам да, байыр алып кала албадым.
Силер мага калтырган очогуңар,
Силер бардай табын күчтөп жагаалбадым.
Өзүңөр жок ошол очок дымыгансыйт,
Кыш ызгаарын, бороон үйлөп уулугансыйт.
Жан үрөп, бар күчүмдү жумшасам да,
Үйдүн ичи араң-араң жылыгансыйт…
***
АЛМАЛУУМ
Алмалуунун аязында, аптабында,
Ал тургай топурак, чаң, баткагында,
Мээримдүү бир башкача жылуулук бар,
Мен, балким, байкабагам жаш чагымда.
Атама, апама окшош айылымсың,
Ааламда, бул дүйнөдө дайынымсың.
Алыста тагдыр мени алып жүрсө,
Акыры бир кайрылар байырымсың.
Адаммын, айылымдын жарчысымын
Ата-энемден арткан өмүр тамчысымын.
Арзыбасам жок дегенде босогого,
Атакем илип кеткен камчысымын.
КЫЗЫМ НУРДУН ЭСТЕЛИГИНЕ
Нур кызым ай!
Ойлойм өзүң жөнүндө;
Бул дүйнөнүн жарык нурун кемитип,
Караңгы көр кантип сени катты экен!
Арман менен муңга бөлөп жашоону,
Ажал менен өлүмдү
Кимиси ойлоп тапты экен!
Нур кызым ай!
Зарлайм өзүң жөнүндө;
Наалат айтып өлүмгө,
Арман кылам өмүргө;
Аттиң дүйнө!
Болот белем армансыз,
Ажал өлүп,
Өлүм чыкса төгүнгө!
Нур кызым ай!
Кейийм өзүң жөнүндө;
Кегим кайнайт
Каргыш алгыр өлүмгө!
Жан берүүгө даяр элем
Акыркы өлгөн мен болуп,
Мен жарасам
Шум ажалды жеңүүгө.
Сенин күлкүң жашообузга жетишпей,
Нур кызым ай!
Кайгы бизге кесиптей.
Ыр-күлкүлөр ырахатка бөлөбөйт,
Асман, тоолор томсорушуп,
Бүткүл аалам, карайган бир чекиттей!..
ЭМНЕГЕ?
Татынакай жаралып тап-таза элең,
Балдарымдын баарынан башкача элең.
Мүнөзүң жибек жиптей назик болчу,
Эч кимди капа кылып какпачу элең.
Ордунан чыкпай калган тилектериң,
Боорумду, жүрөгүмдү тилет менин!
Кайгынын каны толду жүрөгүмө,
Билбеймин, кантип жашоо күн өткөнүн.
Жүрөктү өйкөйт суроолор жай алдырбай;
Эмнеге, анча жакшы жаралдың ай?
Эмнеге эне-атаңды муңга салып,
Эмнеге эрте кеттиң, каралдым ай!
Сен барда үйүбүз да толуп турчу,
Бакыттын кушу сайрап, конуп турчу.
Кайгыга баратамын чыдай албай,
Жараткан, кызыма бир жолуктурчу!
Түшүмдөн чоочуп кетип, көрүп калсам…
Тирүүле демейкиңдей күлүп- жансаң,
Тилегим ошол эле, арманым жок,
Тарс этип, кубангандан өлүп калсам!