Бүгүн, 4-сентябрда Бишкек- Нарын-Торугарт унаа жолунда, тактап айтканда Чүй облусунун Кемин районундагы жол кырсыгынан адам өмүрү кыйылды.
Күбөлөрдүн айтымында, «Мерседес-Бенц Спринтер» үлгүсүндөгү кичи автобус жөө жүргүнчүнү сүзүп кетти. Жөө адам окуя болгон жерде каза болгон.
Жол кырсыгы жакын жердеги видео байкоого түшүп калган. Видеодон кичи автобустун айдоочусу ылдамдыкты азайтпай, жөө адамдардын өтмөгүнөн 2 адамды сүзүп кете жаздаганын, ал эми экинчи өтмөктөн өтүп бараткан жүргүнчүнү сүзүп кеткенин көрүүгө болот.