7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бактыгүл Иманбек кызы: Эң негизгиси чек ара маселеси чечилди

132

Эң негизгиси чек ара маселеси чечилди. Учурдагы утуш бул мамлекетибиздин төрт тарабы тең такталган. Бул тууралуу Бактыгүл Иманбек кызы фейсбукка билдирди.

«Эң негизгиси чек ара маселеси чечилди. Чек араны такташып чечип берчүлөр жок, отуз жыл атышып, чабышып жашадык. Мына бул бийликтин келгенине деле туптуура төрт жыл өттү. Ошол төрт жыл илгери башталган такташуу эми араң соңуна чыкты. Баш аягы 34 жыл.

34 жыл бою кимибиздики кайсы жер экени белгисиз, чечишип чийип алган чийини жок ачык жаткан жер дагы деле жата берсе болмок дечи… Бирок деген маселе бар достор. Дүйнөдө кырдаал өзгөрүп жатат. Кай бир эл мамлекетин жоготуу астында турат. Тажикстандын нары жагында эле тишинен чачынын учуна чейин согушчан талибандар турат.

Анда мында: “Биз Тажикстанды да тебелеп кирет элек, башчыбыз эле уруксат берсинчи, беш күндө басып жыгылабыз”,-деп. Ага кошумча тиги жагынан Кытай сүрүп-сүрүп Тажикстандын бир нече жерин алып койду. Анан, ушунун баарын көрүп туруп, беймарал жата беришибиз керек беле? Же, тезирээк чийинибизди такташып алганыбыз дурус беле?

Генерал Камчыбек Ташиев жалгыз өзү эле чуркап барып, төрт күндө чек араны чийип келген жок да. Туптуура төрт жыл эки тараптын жоон тобу жүгүрүп жүрүштү. Ал арада тажиктер тээжиктенишип, эки ирет согуш да чыкты. Ушунун баарын көрүп туруп көз жумуп дагы беш жыл, дагы он жыл такташып отура берсек эмне болот? Аны бир кудай билет…

Элестеткиле, эртең чын эле талибандар Тажиктерди тебелеп кирип келип согушуп кирсе кандай болот? Андан да жаманы аларды да куду Афгандарды басып алгандай, басып алса кандай болот? Анан ошолор биз менен чек араны такташабы? Же, аттап буттап бизге да бастырып кирип келеби? Биз ошого туруштук бере алабызбы? Тыштан кирген талибан менен ичибизге эчак толуп алган кыргыз талибандар* аралашып ач айкырыкты салып чыкпайт деп ким кепилдик берет?

Көрүп жатабыз го, УКМК күндө бир диний экстремисттердин уюгун сууруп чыгып жатканын. Андай жашырынган дагы канча топ бар, ит билсин… Силерге күлкү тамаша болсо мага тамаша эмес, мен корком. Төрт тарабыбыздын бир тарабы такталбай ачык жатканынан корком.

Президент Садыр Жапаров өзү жоопкерчилик менен айтып жатат: “Чек ара маселесинде 100% кара кылды как жарган калыс чечим кабыл алынды, ага тарых тараза”- деп. Болду да! Эми тарых өз баасын берсин. Ал эми, учурдагы утуш бул мамлекетибиздин төрт тарабы тең такталган. Бүтүн»,- деп жазган Бактыгүл Иманбек кызы.

133