Ички иштер министрлигинин дагы бир тергөөчүсү 5 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Тергөөнүн жүрүшүндө Биринчи май РИИБнын тергөө кызматынын улук тергөөчүсү, милициянын майору өзүнүн меркантилдик кызыкчылыгын көздөп, кылмыш ишин токтотуу үчүн Бишкек ШИИБдин баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү бөлүмүнүн иштеп жаткан кызматкеринен пара талап кылгандыгы аныкталды.
Ал пара талап кылган кылмыш ишинин алдын ала талдоосу кылмыштын иш жүзүндөгү курамы жана кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн жетиштүү негиздер жок экенин көрсөттү.
Учурда иштин бардык жагдайларын жана башка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча зарыл болгон тергөө-ыкчам иш-чаралар улантылууда. Кармалган жаранга эч кандай жеңилдиктери жок, жасаган коррупциялык кылмыштары үчүн максималдуу катуу жазага тартылат.
Посмотреть эту публикацию в Instagram