7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстандын активдери акыркы үч жылда 8 эсеге жогорулады

648

2010-жылдан 2020-жылга чейинки мезгилде, тагыраагы, 10 жылга салыштырмалуу акыркы 3 жылда эле өлкөбүздүн ички дүң продукциясынын көлөмү 2 эсеге өсүп, 1 триллион 15 миллиард сомдон ашып кетти. Бул деген сөз 10 жыл бою бир орунда турганыбызды билдирет. Бул пикирин саясатчы Шерадил Бактыгулов билдирди.

Анын айтуусуна караганда, акыркы 10 жыл ички дүң продукциябыз таблицада көрүнүп тургандай киши башына 311 доллар болгон болсо, акыркы 3 эле жылда бул көрсөткүч 1900 долларга секирик жасады.

«Ал эми мамлекетибиздин активдери 10 жыл ылдый түшүп 6 миллиард сомду түзүп калган болсо, акыркы 3 жылда 46,7 миллиард сомго же 8 эсеге жогору көтөрүлүп кетти. Элибиз бүгүнкү бийлик кандай иштеп жатканын ушундан эле жыйынтык чыгарып койсо болот», — деген ал.

649