7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бакудан 40 миң доза AstraZeneca вакцинасы келди

768

Кечээ, 16-июлда Бакудан Бишкекке AstraZeneca вакцинасынын 40 миң дозасы келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Гуманитардык жардамды алып келген учакты тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров жана Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин статс-катчысы Жапаркул Ташиев тосуп алып, Азербайжанга бүгүнкү оор эпидемиологиялык кырдаалда көрсөтүлгөн гуманитардык жардам жана колдоо үчүн ыраазычылык билдирди.

Аталган гуманитардык жардамды берүү тууралуу келишим тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин быйыл 1-3-июлда Азербайжан Республикасына расмий иш сапарынын алкагында жетишилген.

Белгилей кетсек, бул азербайжандын өнөктөштөр Кыргызстанга жиберген биринчи жардамы эмес. Өткөн жылы апрелде дагы 64 тонна медициналык жана антисептикалык каражаттар келген болчу.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

769