7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бакыт Төрөбаев гипсокартон заводунда жана «Кыргызнефтегаз» ААКсында болду

591

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында гипстин негизинде курулуш материалдарын чыгаруучу заводго («Мега Юнион Индастри» жоопкерчилиги чектелген коому) жана “Кыргызнефтегаз” ачык акционердик коомуна барды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, орус-кыргыз өнүктүрүү фондунун, өзбек-кыргыз өнүктүрүү фондунун, венгер-кыргыз өнүктүрүү фондунун, ошондой эле мамлекеттик банктардын жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен биргеликте ишканалардын абалы менен таанышып, жетекчиги менен болгон көйгөйлөрдү талкуулады.

Бакыт Төрөбаев ата мекендик өнөр жай ишканаларына колдоо көрсөтүүнүн маанилүүлүгүнө токтолду.

«Каржы мекемелерине, мамлекеттик банктарга, адистештирилген структураларга тиешелүү тапшырмалар берилди. Бул кадамдардын баары жергиликтүү өндүрүшчүлөрдү стимулдаштырууга, экспорттук потенциалды жогорулатууга жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө багытталган. Аймактарда өнөр жайды өнүктүрүү биз үчүн приоритеттүү мааниге ээ. Мындай тапшырмалар Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан коюлган», — деди ал.

Иш сапардын жыйынтыгы боюнча тиешелүү мамлекеттик органдарга ички рынокту күйүүчү-майлоочу материалдар менен камсыз кылуу максатында мунай өндүрүүнү көбөйтүү маселелерин иштеп чыгуу тапшырылды.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келинүүчү курулуш материалдарынын (анын ичинде гипсокартон) сапатын жөнгө салууну жана көзөмөлдөөнү изилдөө боюнча тапшырмалар берилди.

Белгилей кетсек, учурда “Кыргызнефтегаз” ачык акционердик коому өндүрүш процесстерин жакшыртуу боюнча иш алып барууда.

Гипстин негизинде курулуш материалдарын чыгаруучу завод 2009-жылдан бери иштеп келет. Гипсокартон өндүрүшүнүн жалпы көлөмү 2 миллион м2ге жакынды түзүп, бул республика боюнча гипсокартонду сатуунун жалпы көлөмүнүн 40%ын камтыйт. Экинчи линияны монтаждоо 90% аяктады, бул дагы 3 млн м2 көлөмдөгү өндүрүшкө мүмкүндүк берет.

Жумушчу сапарынын алкагында Бакыт Төрөбаев Жалал-Абад облусунун ишкерлери менен да суроо-жооп форматында жолугушуу өткөрдү.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

592