7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бал аары баккан Надырбек Адылбеков: «70 челектен 1 тоннадай бал алабыз»

2111

Кайсы мезгил болбосун баасы кымбат жана суроо-талап жогору болгон азыктардын  сап башында бал турат. Себеби даарылык касиети күчтүү жана натуралдык жактан таза деп эсептелет. Ошондой эле аары багуу иштин көзүн таба билген адамдарга кирешелүү булак десек дагы болот. Бизге бул ирет бал аары баккан Надырбек Адылбеков менен маектештик. «Жетимиш челектен 1 тоннадай бал алабыз» деген каарманыбыз  аары багууну сырлары жөнүндө айтып берди.

 Кесибим боюнча машина оңдоочу механикмин. Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Кашка-Суу айыл аймагыда жашайм. Ал эми аары багып бал менен алектенип баштаганыма 4 жылдан ашты. Негизи өзүм мурдатан кызыгып жүрөт элем. Анан өзүбүз жактын Сман деген байкеден алгачкы этаптарын үйрөнүп баштадым, китептерди издеп окудум. Албетте баарын үйрөнүп, билим алдым дегенден алысмын азыр деле үйрөнүү жолундабыз. Музаффар Юсупов деген агайдан азыркыга  чейин сабак алып турам. Себеби бул тармактын дасыккан адистеринин сап башында турат.

Алгач баштаганда 4 челек менен баштагам. Акырындык менен үйрөнүп бал челектеримин санын дагы көбөйтүп, азыр 70 челекке жетти. Бирок бул чек эмес, буйруса алдыда дагы көбөйтүү боюнча жакшы пландар бар. Анын үстүнө биздин айыл Аксыдагы айтылуу Падыша-Ата аймагында. Бул жерде аарыга керектүү гүлдөрдүн, чөптөрдүн көптөгөн түрлөрү бар. Аары багууга абдан ыңгайлуу жер десек болот. Мындан улам биздин бал көп түрдүүлүгү менен башкалардыкынан айрымаланып турат. Негизи тынбай аракеттенсең бул тармак абдан  кирешелүү.

Аарыларды деле караганыңа жараша бал берет. Адамдын организми сыяктуу эле камкордукту талап кылат.  Убагында азыгын берип, жакшы көңүл бурулса имунитети күчтүү болуп оорубайт. Мен негизи балды таза бышырып август айында алам. Жалпысы болуп 70 челектен бир тоннадай бал алабыз. Негизи аарылар иштеп турса, күн жакшы болсо эки же үч жолу бал алса болот. Анан эрте жазда жана кеч күздө тамак беребиз. Ошондой эле жер которуп турган дагы жакшы бал алууга жардам берет.

Бизде бул тармакка чынын айтканда көп дагы көңүл бурула элек. Мисалы балды экспортко чыгаруу үчүн аны лабораториядан өткөрүп, сертификат алуу зарыл. Ал жакын жерде жок, же жалгыз текшертейин десең баасы кымбат. Экономикалык жактан өнүккөн өлкөлөрдө бул тармакка өзгөчө көңүл бурулуп, бизден элүү жылдай алдыда десек болот. Биз эне аарыларды дал ушул өлкөлөрдөн алып келебиз. Бал жакшы болгон үчүн туруктуу кардарларды топтой алдык. Бирок экспортко чыгарсак дагы жакшы болмок деген ойлор бар. Себеби биздин балдар экологиялык жактан таза, даамы дагы жакшы, кайсы жерде болбосун бааланат деп ишенем. 

Бул аары дүйнөсү ушунчалык кызыктуу тармак. Күн сайын изденип, жаңыланып турууну талап кылат. Эч качан мен билем дебей дайыма үйрөнүүнүн үстүндө болгон адам башкалардан бир топ кадам алдыда басат. Азыр интернет ааламында бардык нерсе бар. Издеген маалыматың заматта чыгат. Кайсы тармакта болбосун бул бизге чоң мүмкүнчүлүктөргө жол ачкан алтын көпүрө. Болгону аны туура багытта пайдалана билүүбүз керек.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

2112