АКШнын президенти Жо Байден коронавирус менен оруп калды. Бул тууралуу Ак үйгө шилтеме берүү менен чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Байден учурда аралыктан иштеп, маанилүү иш-чараларга онлайн катышып жатат. Ал толук кандуу жумушка коронавирустун терс жыйынтыгы чыккан учурда чыгат. Ал буга чейин эмдөөнүн толук кандуу курсунан өтүп, эки жолу күчөтүлгөн дозасы менен эмделген.
Ак үйдүн маалымат катчысы Карин Жан-Пьер Байдендин абалы күн сайын жакшырып жаткандыгын вируска каршы дарыларды активдүү колдонуп жаткандыгын кошумчалаган.