7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бала бакчанын жетекчиси 120 миң сом берип жаткан жеринен кармалды

626

Мамлекеттик бала бакчанын жетекчиси милиция кызматкерине пара берип кармалганын ИИМден билдиришти.

«Аламүдүн районунун Ленин айылдык округунун аймагында жайгашкан “Достук”, “Бөбөкжай” бала бакчаларында (мамлекеттик мектепке чейинки билим берүү уюмдары болуп саналат) мыйзам бузуулар аныкталган. Бир нече эскертүүлөргө карабастан, акча каражаттарын чогултуу фактылары катталууда. Анын ичинде мектепке чейинки билим берүү уюмдарында»,- деп берилет маалыматта.

Текшерүү учурунда “Достук” бала бакчасынын жетекчиси маселени оң жагынан чечүү жана текшерүүнү токтотуу үчүн ИИМдин кызматкерине ири суммадагы акча каражатын сунуш кыла баштаган. 29-ноябрь күнү ИИМдин КИББдин имаратында 4-башкармалыктын ыкчам кызматкерине 120 000 сом өлчөмүндө пара берүү учурунда жогорудагы бала бакчанын жетекчиси А.О. кармалган.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан тергелип жатат. Кызмат адамына пара берүүгө шектүү жаран кармалды.

 

627