Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Талас областынын калкы менен жолугушту. Жолугууга областтын 250гө жакын тургуну келди.
Талас областындагы Акыйкатчынын ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү берген маалыматка таянсак, алимент өндүрүү боюнча маселелер тууралуу кайрылуулар көбөйгөн.
“Соттун чечимдери болсо да ажырашкан аталар өз балдарына алимент төлөбөй жаткандыгы тууралуу иштер бар. Мисалы, бир эркектин алимент боюнча карызы 600 миңден ашып кеткен. Акыйкатчы институтунун кийлигишүүсү менен аталган карыз төлөдү”,- деп айтты Талас областындагы Акыйкатчынын ыйгарым укуктуу өкүлү Жакшыгүл Узакбаева.
Акыйкатчы институттун статистикасына ылайык, аймактарда жарандардын укуктары юридикалык сабаттуулуктун жетишсиздигинен улам бузула турганын белгилеп өттү.
“Мындай жарандардын укуктары көп учурда калыбына келтирилбей калат. Буга байланыштуу жергиликтүү бийлик органдарынын жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн жарандардын ар бир кайрылууларын тыкыр иликтеп жана алардын укуктарын сактоону камсыздоого чакырам”, — деп талап кылды Акыйкатчы.