Камчыбек Ташиев Улуттук коопсуздук органдарынын дагы бир приоритеттүү милдети болуп, коррупциялык иштерге активдүү катыштыгы бар Фемида өкүлдөрү жана сот системасындагы паракорчулукка каршы активдүү күрөш жүргүзүү зарылдыгын белгиледи.
УКМКнын төрагасы республикадагы кырдаалдын үчүнчү терс көрүнүшү катары кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында аткезчилик кайра жанданганын кошумчалады.
Буга байланыштуу ал бийлик жана укук коргоо органдарынын жетекчилерине Баткенде аткезчиликти толугу менен токтотууга багытталган комплекстүү иш-чараларды күчөтүү тапшырмасын берди.