Өлкө аймагында эртең, 1-декабрдан баштап бир дагы интим кызмат көрсөткөн түйүн болбойт. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.
“Эртеңден тарта кайсыл аймакта интим кызмат көрсөткөн түйүн табылса, ошол жердин жергиликтүү бийлик башчылары, күч түзүмдөрүнүн башчылары дароо кызматтан алынат», — деди Ташиев.
Буга чейин УКМК Бишкек шаарында жана Чүй облусунда интимдик кызмат көрсөтүлгөн ондон ашык жайды аныктаган.