7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эмине Эрдоган Палестинада тынчтыкты орнотуу боюнча дүйнө элине кайрылды

308

«Биз убактылуу ок атышпоону эмес, кош бойлуу аялдар, жаңы төрөлгөн ымыркайлар жана кыргынга кабылган бардык жарандар үчүн дароо, туруктуу тынчтыкты талап кылабыз»,- деди Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын жубайы Эмине Эрдоган.

Биринчи айым “29-ноябрь — эл аралык Палестина эли менен тилектештик күнүнө” байланыштуу социалдык медиа баракчасында дүйнөгө кайрылуу жасады.

«Бүгүн биз Газа тилкесинде жерди жаздык, асманды жууркан катары колдонуп жаткан бейкүнөө адамдар менен биргебиз. Палестинанын эркиндик үчүн күрөшүн колдойбуз. Дүйнөнүн кайсы бир жеринде адилетсиздик менен бейкүнөө адамдар өлтүрүлүп жатса, эч кимибиз эч жерде толук коопсуз боло албайбыз. Эл аралык Палестина эли менен тилектештик күнүндө биз кайрадан дүйнө жүзүнө кайрылабыз. Биз убактылуу ок атышпоону эмес, кош бойлуу аялдар, жаңы төрөлгөн ымыркайлар жана кыргынга учураган бардык жарандар үчүн дароо, туруктуу тынчтыкты талап кылабыз. Албетте, залимдик жана зулумдука каршы туруп, жүрөктөрүн кек жана жек көрүүгө эмес, ырайымдуулукка толтуруп, бир туугандыкты артык көргөндөр, силер жалгыз эмес экениңерди билишиңер керек. Түркия эч нерсеге карабастан, ар дайым күнөөсүздөрдүн жанында болот жана Газага гуманитардык жардам жөнөтүү үчүн аракет кылат. Акыры адамзат жеңет деп ишенем»,- деди Эмине Эрдоган.

Ошондой эле, биринчи айым 15-ноябрда Стамбулда көптөгөн өлкөлөрдүн мамлекет башчыларынын, өкмөт башчыларынын жубайлары жана атайын өкүлдөрүнүн катышуусунда “Палестина үчүн бир жүрөк” саммитин өткөрдү.

 

309