7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Балама үнүңдү көтөрүп сүйлөгүдөй кимсиң?» Мугалим менен ата-эненин чыры

445

Буга чейин соцтармактарда шаардагы мектептердин биринде окуучулардын биринин апасы мугалимди балдардын көзүнчө кагып, жемелеген видео тараган.

«Менин балам менен үнүңдү көтөрүп сүйлөгүдөй кимсиң? Бул сенин менчик мектебиң эмес. Сен директор эмес, жөн гана мугалимсиң! Мээмди чакпа, сендейдин далайын көргөм. Сени менен министрликтен дагы сүйлөшөбүз», — деген ал ыйлап жаткан мугалимге.

Окуя №57 мектепте болгону белгилүү болуп, бул көрүнүш тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги үн катты.

«Билим берүү жана илим министрлиги Бишкек шаарындагы №57 мектептин тарых мугалими менен ата-эненин ортосунда болгон окуяга байланыштуу тынчсыздануусун билдирет. Ошону менен бирге министрлик бул окуяга байланыштуу №57 мектептин администрациясы, Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаменти өз компетенциясынын чегинде иш алып барып, тиешелүү мамлекеттик органдарга кайрылганын маалымдайт. Ошондой эле министрлик кайсы жерде жана кандай шартта болбосун мугалимге ыдык көрсөтүп, анын беделин түшүрүүгө аракеттенүү жол берилгис көрүнүш экенин баса белгилейт жана ата-энелерди мугалимдерге сый-урмат менен мамиле жасоого чакырат»,- деп айтылат билдирүүдө.

 

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

446