Казакстандын президентин “Манас” эл аралык аэропортунан Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды.
Белгилей кетсек, Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга ушул жылдын 6-ноябрында Бишкек шаарында өтө турган Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) кезектеги он биринчи Саммитине катышуу үчүн келди.
Саммиттин ишине Уюмга мүчө беш мамлекеттин – Азербайжандын, Казакстандын, Кыргызстандын, Түркиянын жана Өзбекстандын лидерлери, ошондой эле Уюмдун байкоочу өлкөлөрүнүн башчылары катышат.