7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Балбан Үзүр Жусупбеков Түркиядагы мелдеште коло байге утту

480

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасынын мүчөсү Үзүр Жусупбеков Түркиянын Анталья шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Эл аралык мелдеште коло байгеге ээ болду.

Yasar Dogu&Vehbe Emre аттуу Эл аралык мелдеш 7-март күнү башталган. Ата мекендик спортчу 97 кг чейинки салмакта күч сынашты. 1/16 финалда өзбекстандык, кийин грузиялык балбанды артта калтырды. 1/4 финалда ирандык балбанга утулуп, бирок коло үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алды. 3-орун үчүн беттеште дүйнөнүн эки жолку чемпиону, түркиялык Метехан Башаровду жеңип коло байгени багындыра алды.

Эске салсак, 7-март күнү Түркиянын Анталья шаарында башталган»Yasar Dogu&Vehbe Emre» аталышындагы Эл аралык спорттук күрөш боюнча (эркин күрөш, грек-рим жана кыз-келиндер арасында) мелдештер 11-март күнү жыйынтыкталат.

481