7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Балдар үчүн колдоо: «Бала ырысы» 470 миңден ашуун алуучуну камтыйт

205

Кыргызстанда «Бала ырысы» жөлөк пулу 470 миңден ашуун балага берилет. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө төрөлгөн балдардын саны көбөйгөн сайын жөлөк пул алуучулардын саны да өсөт.

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров үч жашка чейинки бардык балдарга ай сайын жөлөк пул төлөө тууралуу мыйзамга кол койгон.

Жөлөк пул 1-июлдан тарта төлөнө баштайт. Үй-бүлөнүн кирешеси эске алынбайт, ал эми төлөмдүн көлөмү айына 1 200 сомду түзөт. Каражат 2023-жылдын 31-июлунан кийин төрөлгөн балдарга берилет.

Жөлөк пул алуу үчүн арызды «Түндүк» тиркемеси аркылуу тапшырууга болот.

206