7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Балдар үйүндөгү кыздын депозиттик эсебине 518 миң сом которулат

18

Акыйкатчынын кийлигишүүсүнөн кийин балдар үйүндө жашаган өспүрүм кызга 518 миң сом өлчөмүндө социалдык жөлөк пул өндүрүлүп берилди. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, институттун кызматкерлери Чүй облусундагы балдар үйлөрүндө текшерүү жүргүзүшүп, анын жүрүшүндө бир катар мыйзам бузуулар аныкталган. Тактап айтканда, айрым балдар мыйзамда каралган социалдык жөлөк пулдарын албай жатканы белгилүү болгон.

2008-жылы туулган кыз 2017-жылы ата-энеси каза болгондон кийин бир тууганы менен бирге балдар үйүндө жашап келет. Ал 2015-жылы медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын (МСЭК) кароосунан өткөн. Ага психиатрдын көзөмөлүндө болуу жана инклюзивдик программа боюнча окуу сунушталып, социалдык жөлөк пул чегерүү чечими кабыл алынган.

Бирок кыз балдар үйүнө которулгандан кийин МСЭКтен кайрадан күбөлөндүрүүдөн өтпөгөндүгүнө байланыштуу социалдык жөлөк пул чегерүү токтотулган.

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Башкы прокуратурага жана Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине ал акыркы 8 жыл ичинде албай келген социалдык жөлөк пулду өндүрүп берүү тууралуу расмий кат жолдогон.

Териштирүүнүн жыйынтыгында министрлик жогоруда көрсөтүлгөн кемчиликтерге жол берген жооптуу кызматкерлерге карата тартиптик чараларды көргөн.

Каражат 1-майга чейин кыздын депозиттик эсебине которулат.

19