Балыкчы — Бөкөнбаев — Каракол унаа жолунда жол кырсыгынан эки адам жаракат алды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 23-майда кечки саат 21:30 чамасында Балыкчы — Бөкөнбаев — Каракол унаа жолунда «РАФ-4» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай жолдун жээгиндеги терекке урунган.
Кырсыктын кесепетинен 35 жаштагы эки эркек адам оор жаракат алган.
Кырсык болгон жерге Каракол шаарынын №15 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн 3 куткаруучу тартылып, кыпчылып калган жаранды алып чыгышып, 103 кызматына өткөрүп беришкен.