Аткезчилик жол менен минералдык жер семирткичтерди ташып келүү ишине бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ушул жылдын 30-апрелинде Кулунду айыл аймагынан Тажикстан Республикасы көздөй бара жаткан жүк ташуучу унаанын айдоочусу К.Ж.И. аттуу КР жараны кармалган.
Текшерүү учурунда жогоруда аталган унаанын бортунан Казакстандан чыгып, коңшу мамлекеттерге мыйзамсыз жөнөтүлүүчү, жалпы көлөмү 4 тоннаны түзгөн, ар бири 50 кг болгон 80 кап минералдык жер семирткич (селитра) табылган.
“Эксперт Баалоо” ЖЧКсынын корутундусуна ылайык, табылган товардын орточо базар баасы 152 миң сомду түзөт.
Бул факты боюнча материалдар Маалыматтык каттоо журналына катталды. Азыркы учурда тиешелүү иликтөө иштери жүрүп жатат.