«TEZ JET» авиакомпаниясы 1-июлдан тартып Бишкек-Жалал-Абад-Бишкек багыты боюнча каттамдарды күн сайын аткарууну пландаштырууда. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун басма сөз кызмсаты билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө каттамдар жумасына 3 жолу (дүйшөмбү, жума жана жекшемби күндөрү) аткарылат. Бишкек-Исфана-Бишкек багыты боюнча каттам «TEZ JET» авиакомпаниясы тарабынан жумасына 2 жолу (шаршемби, ишемби күндөрү) аткарылат.
Бишкек-Баткен-Бишкек багыты боюнча каттам «TEZ JET» авиакомпаниясы тарабынан жумасына 2 жолу (шейшемби, бейшемби күндөрү) аткарылат.
Ал эми, бүгүнкү күндө Бишкек-Ош-Бишкек багыты боюнча каттамдар күнүнө 6 жолу аткарылууда. «TEZ JET» авиакомпаниясы күнүнө 5 каттам аткарат.
Ошондой эле, «Avia Trafic Company» авиакомпаниясы күнүнө 1 каттам аткарат. «Эйр Манас» авиакомпаниясы жумасына 3 каттам аткарат (өтүнмө каттын негизинде).