7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Балыкчыда эки милиционер пара талап кылып кармалды

476

Туристтик сезон мезгилинде жүргүнчүлөрдөн Ысык-Көл ОИИБнин ЖКККБнын жана ИИМдин Бишкек шаары боюнча Патрулдук милиция башкармалыгынын айрым кызмат адамдары системалуу түрдө опузалап акча каражатын талап кылып жүрүшкөндүгү аныкталды.

31-июлда Балыкчы шаарынын аймагында ИИМдин ЖКККББнын эки кызматкери пара талап кылган деп шектелип кармалды.
Ошол эле күнү Балыкчы шаардык ИИБнин Катардык плацында аппараттын, полктун жана Патрулдук милиция башкармалыгынын жетекчилигинин, УКМКнын кызматкерлеринин катышуусунда кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган дагы башка инспекторлор катардан чыгарылып, кармалган.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында жогоруда белгиленген коррупциялык схемага КР ИИМ ЖКККББнын башка жооптуу кызматкерлеринин катыштыгы бар экендигин аныктоо боюнча иштер уланууда. Ошондой эле жасалган кылмыштардын факт жүзүндөгү жагдайларын аныктоого багытталган чаралардын комплекси жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы боюнча бардык тиешеси бар адамдарды жазык жоопкерчилигине тартуу боюнча акыркы чечим кабыл алынат.

 

477