Балыкчы шаарынын «Алия» пансионатында 53 жаштагы казакстандык киши көлгө чөгүп кетти. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя кечээ кечки саат 20:00дөр чамасында болгон. Коңшу өлкөнүн жаранын табууга үч киши тартылган.
Белгилей кетсек, алар маркумдун сөөгүн суудан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.