Жогоку Кеңештин депутаты Саматбек Ибраев Улуттук банкты сынга алып, «милдеттерин аткарбаса жоюп салыш керек»- деген пикирин, бүгүн Жогорку Кеңештин кезектеги сессиясында билдирди.
«Өкмөттөн суранат элек, эң биринчилерден болуп Улуттук банкка көнүл бурулуш керек. Протокольный тапшырма берели. Текшериш керек, эч кандай реформа жок. Былтыркы жылы 515 млн доллар интервенция кылып курсту кармап калдым деп мактанып, «алтын бала» болуп олтурат бизге. Пандемия учурундагы ишине да баа берилиш керек! Кредиттерге жеңилдик бергиле десек, өкмөткө шылтайт. Ошолор чечет деп. Андай болсо карап чыгалы Улуттук банктын милдеттерин. 400 миң сомдон айлык алып жаткандан кийин, элдин маселелсин да чечиш керек да. Бүгүнкү күндө эң көп кезек күткөндөр банктардын алдында. Ишкерликке кредит ала албай убара болуп жүрүшөт. Бул нерсе менен иштебеген банкты жоюп эле салалы анда«-дейт депутат Ибраев.
Ал ошону менен бирге, Улуттук банк биздин экономиканы артка тартып жаткан эң негизги тормоз болуп калды, милдеттерин аткарбаса жоюп эле салалы. Финансы тармагында өзгөрүү болбосо, экономикада өнүгүү болбойт деген пикирин айтты.
Посмотреть эту публикацию в Instagram