Арка, Жаштык, Максат айылдарында акушер врач жок, бир медсестра баарын тейлеп, бойкат аялды төрөтүү үчүн 80 км алыстыктагы башка айылдын төрөтканасына алып барып иштейт. Бул тууралуу бүгүн, Жогорку Кеңештин сессиясында депутат Абдувахап Нурбаев айтып чыкты.
«Туура ал айылдарда өкмөт, министрлик иш алып барып жатат. Бирок, кыска убакта чечип койсо боло турган, олуттуу көйгөйлөр каралбай калып кетүүдө. Мисалы чек арага жакын Арка, Жаштык, Максат айылдарында эң эле жөнөкөй акушер гинеколог жок экен. Бир медайымды коюп коюптур, ал аялдарды төрөтүү үчүн 80 км аралыктагы райондун борборундагы төрөтканасына алып барат экен. Ушуну чечүү үчүн мыйзамдын деле кереги жок да, бир өкмөттүн чечими керек. Саламаттыкты сактоо министрлги өзү деле барып жатат, адистерди мындай эле сүйлөшүп жиберип койсо болбойбу?»-дейт Нурбаев.
Ал ошону менен бирге, чет өлкөдөн келген 6 атайын мобилдик группанын жок дегенде бирөөнү Баткендин жогоруда аты аталган айылдарына жиберип коюуну сунуштады.