7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Балыкчыда милиция кызматкери муздуу сууга чөгүп жаткан балдарды куткарып калды

679

Балыкчы ШИИБдин милициянын участкалык ыйгарым өкүлү көлмөнүн муз астына кирип кетип, чөгүп жаткан эки жаш өспүрүмдү куткарды.

8-январь күнү болжол менен саат 15.25 чамасында шаардык милициянын нөөмөт кызматына телефон аркылуу билдирүү түшүп, анда көлмөнүн үстүндө коньки тээп жаткан балдар, муз астына кирип кеткендиги маалымдалган.

Балыкчы ШИИБдин участкалык милициянын ыйгарым өкүлү, милициянын улук лейтенанты Амантур Бакиров өзүнүн кесиптештери менен тез арада жардам берүү үчүн окуя болгон жерге жөнөшкөн.

Көлмөнүн үстүндөгү муз ичке болгондуктан, балдар сууда араң карманып турушкан. Милиция кызматкери үстүндөгү формасын чече коюп, муз болгон көлмөгө кирип, балдарды куткарууга аракет кылды.

Куткаруучу каражаттын жардамы менен балдарга сүзүп жетип, аларды жээкке чыгарууга үлгүрдү. Жээкте турган кесиптештери балдарды өздөрүнүн бушлаттарына орошуп, кызматтык автоунаага олтургузуп, жардам көрсөтүштү.

Куткарылган балдар 10 жана 12 жаштагы бир туугандар болуп чыгышты. Алар медицина кызматкерлерине өткөрүлүп берилди. Балдардын ден-соолуктарына коркунуч жок.

 

680