7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Балыкчыда модулдук үйлөрдү чыгаруу боюнча заманбап ишкана иштейт (ФОТО)

683

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-октябрда, Балыкчы шаарындагы модулдук үйлөрдү чыгаруучу заманбап ишкананын ишмердүүлүгү менен таанышты.

Мамлекет башчыга ишкананын өкүлдөрү курулушунда күйбөгөн, жылуулукту үнөмдөөчү жана экологиялык жактан таза материалдар колдонулган модулдук үйлөрдүн артыкчылыктары тууралуу маалымат беришти.

Ошондой эле, белгилүү бир технология боюнча жасалган имарат 9 баллдан ашык сейсмикалык жүктөрдү көтөрө алат.

Модулдар керектүү коммуникацияларды жана ички жасалгаларды камтыйт. Мындай үйлөрдүн баасы «ачкычка тапшыруу» базардагыдан бир топ төмөн. Ишкананын кубаттуулугу өндүрүлгөн тетиктерди экспорттоого да мүмкүндүк берет.

Президент Садыр Жапаров ишкананын аймагын жана өндүрүш линияларын көрүп чыкты. Мамлекет башчысы мындай практикалык жана арзан турак жайларды өлкөнүн бардык аймактарында, анын ичинде жетүүгө кыйын аймактарда каалаган мезгилде тезирээк курууга болорун белгиледи.

Модулдук үйлөр ротация менен республиканын башка аймактарына которулган райондордун акимдери, судьялары жана башка мамлекеттик кызматкерлер үчүн кызматтык турак жай катары пайдалануу пландаштырылууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

684