7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Балыкчыда кызды сүзүп кетти деген ага-ини милиционерлер иштен бошотулду

526

Ысык-Көлдүн Балыкчы шаарында өспүрүм кызды сүзүп кетти деген аймактык тескөөчү жана анын шаардык милициясынын башчысы болуп иштеген агасы кызматтан алынды. Бул тууралуу 7-каналга ИИМдин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка караганда, жол кырсыгы кечээ, 26-январда болгон. Анда Geely Monjaro үлгүсүндөгү автоунаа 11 жаштагы кызды сүзүп кеткен, учурда кыз оорукананын жандандыруу бөлүмүндө.

Транспорт Балыкчы ШИИБге таандык экени такталган.

«Жол кырсыгы боюнча ИИМ кызматтык иликтөө жүргүзүп, жыйынтыгында рулда болгом деген аймактык тескөөчү менен шаардык милициянын башчысы болуп иштеген агасы иштен алынышты. Министрликтин жетекчилиги чуулгандуу ишти көзөмөлгө алды»,-дешти.

 

527