7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баракелде! Айпери Медет кызы Азия оюндарында алтын утту

757

Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Айпери Медет кызы Азия оюндарында алтын медаль багындырды.

Алтын үчүн беттеште Медет кызы казакстандык спортчу Жамиля Бакбергенова менен күч сынашып, 7:4 эсебинде жеңишти илип кетти. Бул мелдеште кыргыз балбаны 76 кг салмак ченинде катышып, алгачкы атаандашы кытайлык Хуан Ванды 2:1 эсебинде жеңип, 4/1 финалга чыккан.

Андан соң Медет кызы вьетнамдык спортчу Тхи Линь Дангдын далысын жерге басып, 8:0 эсебинде таза жеңишти камсыздап, жарым финалга жолдомо алган. Жарым финалдык беттеште Медет кызы тайвандык спортчу Чан Хуэй-Цзыны 8:0 эсебинде жеңген.

Эскерте кетсек, ушул күндөрү Кытайдын Ханчжоу шаарында 45 өлкөнүн катышуусунда XIX жайкы Азия оюндары өтүп жатат.

Оюндарга Кыргызстандан 160 спортчу спорттун 23 түрү боюнча катышууда. 24-сентябрда башталган спорттук иш-чара 8-октябрга чейин уланмакчы.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

758