7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баракелде! Денис Петрашов АКШда өткөн турнирде алтын утту

415

Кыргызстандык суучул Денис Петрашов АКШнын күчтүү суучулдары катышкан TYR сериясындагы абройлуу турнирде 100 метрге брасс ыкмасы менен сүзүп, алтын медалды багындырды. Бул тууралуу Кыргызстандын суу спортунун түрлөрү боюнча федерациядан кабарлады.

Спорт адистеринин пикиринде, бул Олимпиада оюндарынын финалына татыктуу сүзүү болду. Алгачкы 50 метрди үч спортчу Майкл Эндрю, Денис Петрашов жана Ник Финк 28 секунд ичинде сүзүп өттү. Башында Майкл Эндрю 27,93 убакыт жыйынтыгы менен алдыда келе жаткан, ал эми Денис Петрашов 27,97 убакыт менен экинчи келе жатса, Ник Финк 27,98 убакыт менен үчүнчү катарды ээлеген.

Бирок, Денис Петрашов чемпиондук ылдамдыгын көрсөтүү менен 59,83 убакытты көрсөтүп, финалды багындырды. Дүйнө чемпиону Ник Финк 1:00.03 жыйынтыгы менен экинчи келсе, Рон Полонски үчүнчү орунду алды, ал эми Майкл Эндрю медалдан кол жууп калды.

416