Оштон кыз ала качкан жигиттер Кара-Кулжадан кармалды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы кабарлады.
Окуя 11-апрелде болжол менен саат 16:30да болгон. Белгисиз жарандар Ош шаарынын 19 жаштагы тургунун Mercedes-Benz үлгүсүндөгү автоунаага салып, белгисиз тарапка ала качып кеткен.
Ыкчам аракеттердин жүрүшүндө ала качууга шектелген жигиттер кармалып, тергөө кызматына өткөрүп берилди. Ал эми унаа убактылуу токтотуучу жайга киргизиди.